Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Жыл аягында газ боюнча келишимдер жаңыртылат


"Кыргызгаз" мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимованын "Азаттыкка" билдиришинче, жаңы жылда Казакстан тарап менен газ боюнча жаңы келишим түзүлөт. 2012-жылы газдын баасы канча сом болоору сүйлөшүүлөрдүн соңунда белгилүү болот. Кыргызстан көгүлтүр отту буга чейин Өзбекстандан гана алып келсе, бул жылдын экинчи жарымынан кийин Казакстан да газынан беришүүгө макул болгон. Казак тарап менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстан коңшусунан 300 миллион куб метр газ алууга мүмкүнчүлүк алган. Ушул тапта Казакстандан келген көгүлтүр оттун миң кубу 195 доллар болсо, Өзбекстан 305 доллардан берип жатат. Өзбекстандан келчү газ көбүнесе түштүк аймактагы ишкана жана жарандардын керектөөсүнө жумшалууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG