Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:20

Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолу убактылуу жабылды


Оштун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолу убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиришинче, мындай чечим аталган жолдо бороон болуп, унаалар кыйынчылык менен өтүп жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 218-чакырымында (Тоң-Мурун ашуусу) бороон-чапкын болгонуна байланыштуу унаа жол кечээ да убактылуу жабылып, тазалоо иштеринен кийин кайра ачылган. (RK)

 

XS
SM
MD
LG