Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Ооган согушунда 4 кыргызстандык дайынсыз жоголгон


Ооган согушуна Кыргызстандан чакырылып, кийин дайынсыз жоголгон 4 аскерди издөө иштери дагы эле уланууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында Коргоо министринин биринчи орун басары Замир Сүйөркулов айтты.

Жогорку Кеңеш бүгүн ооган согушунда дайынсыз жоголгон советтик жоокерлерди издөө, табылгандарынын сөөгүн мекенине кайтарып берүү тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселесин талкуулады. Бул макулдашууну 2009-жылы өкмөт башчылар кабыл алышкан. Аны ратификациялагандан кийин Кыргызстан издөө иштерине 50 миң рубл бөлүп бериши керек болот.

1979-1989-жылдары Ооганстандагы жарандык согушка ал кездеги Советтер Союзунун атынан жүз миңдеген аскерлер жөнөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG