Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Бишкектеги эң бийик балаты борбордук аянтта орнотула баштады


Бишкекте эң бийик жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Шаар мэриясынан кабарлашкандай, бийиктиги 23 метрден ашкан балаты борбордук "Ала-Тоо" аянтына тургузулат. Атайын устунга токой чарбасынан жыйналып келген бутактар бүгүн тагыла баштады. Дүйшөмбүгө чейин балаты кооздолуп бүтөт. Мындан тышкары мэрия Жогорку Кеңештин имаратынын, шаар башкармалыгынын, "Манас" кинотеатрынын, Опера жана балет театрынын, Орус драма театрынын алдына, Кароосуз калган балдар борборлорунун жана "Сейтек" борборунун алдына да жаңы жылдык балатылар орнотулат. Бул иш-чараларга шаар мэриясы 2 жарым миллион сомдой акча бөлүп берди. (RK)

XS
SM
MD
LG