Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Атамбаев коалиция түзүү мандатын социал-демократтарга тапшырды


8Dec2011
8Dec2011
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго башкаруучу коалицияны түзүү мандатын тапшырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов билдирди.

Мандатты тапшырып жатып мамлекет башчысы:

"Жаңы коалициянын курамына кирген депутаттар элдин кызыкчылыгын өздөрүнүкүнөн өйдө коюшу абзел. Эптеп бийликке келиш үчүн келишимге кол коюп, анан өткөндөгүдөй күнүгө интрига, чатак чыгарышса, анда ишиңизден эч кандай майнап чыкпайт. Элдин акчасын, бюджетти үнөмдөп, парламенттик комитеттердин саны азыркыдай 16 эмес, ашып кетсе 10-11 болуш керек. Министрликтердин санын 15-16дан ашырбай тургандай мүмкүнчүлүк пайда болду. Биздин эң негизги милдетибиз - ыймандуу бийликти түптөө. Кудай өзү жардам берсин!”, - деди.

Былтыр парламенттик шайлоодон кийин коалицияны түзүү укугу алгач социал-демократтарга берилген. Бирок алар түзө албай, "Республика" фракциясына мандат берилгенден кийин гана түзүлгөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG