Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Путин Орусияда эл кырдаал Кыргызстандагыдай өнүгүшүн каалабайт деп эсептейт


Жекшембидеги парламенттик шайлоону коштогон демонстрацияларды бүгүн алгач ирет комментарийлеп, Владимир Путин АКШны нааразылык акцияларын шыктандырды деп айыптады. “АКШнын Мамлекеттик катчысы шайлоону адилетсиз жана эркин эмес деп баалоо менен айрым ишмерлерге белги берди”,- деген Путин орусиялыктар окуялардын Кыргызстан менен Украинадагыдай өнүгүшүн каалабасын кошумчалады:

- Биздин өлкөдө эл Орусияда кырдаал Кыргызстанда, же анча көп мурда Украинада болгондой өнүгүшүн каалабайт. Эч ким хаосту каалабайт.

Путин өткөн айда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Санкт-Петербургдагы жыйынында “араб жазы” атыккан окуялар Кыргызстандан башталганын белгилеген эле.

Жекшембидеги парламенттик шайлоонун натыйжасында Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы кайрадан алдыга чыкты, бирок мурдагыдан аз, 50 пайызга жетпеген добуш алды.

Шайлоо мыйзам бузуулар жана бурмалоолор менен өттү деп эсептегендер Москва менен Санкт-Петербургда үч күн катары менен демонстрацияларга чыгып, ал нааразылык акциялары учурунда жүздөгөн киши камакка алынды.

АКШнын расмий өкүлдөрү, анын ичинде мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндөгү маалыматтарга тынчсыздануу билдиришкен.

XS
SM
MD
LG