Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы башталды


Жогорку Кеңештеги коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, бүгүн "Республика" жана "Ар-Намыс" фракцияларынын лидерлери менен сүйлөшүү өттү.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго башкаруучу коалицияны түзүү мандатын тапшырды. "Эптеп бийликке келиш үчүн келишимге кол коюп, анан өткөндөгүдөй күнүгө интрига, чатак чыгарышса, анда ишиңизден эч кандай майнап чыкпайт", - деди.

Былтыр да парламенттик шайлоодон кийин коалицияны түзүү укугу алгач социал-демократтарга берилген. Бирок алар түзө албай, "Республика" фракциясына мандат берилгенден кийин гана түзүлгөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG