Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Румыния ЦРУнун жашыруун түрмөлөрү жөнүндөгү маалыматтарды четке какты


Өлкө борбору Бухарестте өкмөттүн айрым кеңселери АКШнын Борбордук чалгын кызматы – ЦРУ тарабынан терроризм боюнча шектелгендерди суракка алуучу убактылуу түрмө катары колдонулганын Батыш маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Румыниянын кеңсеси түрмө катары колдонулган деген мекемелеринин бири - Жашыруун маалыматтар боюнча улуттук каттоо кызматынын өкүлү (Simona Cap-Alb) жогорудагы кабарды “ойдон чыгарылган” деп атады. ЦРУнун Румынияда түрмөлөрү болгону жөнүндө Батыш басма сөзүндө буга чейин да көп айтылган эле.

Бирок америкалык “Ассошейтед Пресс” агенттиги менен Германиянын коомдук “АRD Panorama” телеканалынын биргелешкен иликтөөсү түрмө катары пайдаланылган жайлардын дарегин коомчулукка биринчи жолу ачыктап олтурат.

Маалыматтарга караганда, ЦРУнун четтеги абак жайларынын баары 2006-жылы жабылган. Анын терроризм боюнча кармалгандарды кармоо жана суракка алуу программасы 2009-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG