НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссендин бүгүн Брюсселде альянска кирген 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан соң билдиргенине караганда, эки ортодо пикир келишпестиктер сакталууда, бирок тараптар диалогду улантуунун маанилүүлүгүн макулдашты.
Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, Орусиянын жооп чара көрүлөрү жөнүндөгү эскертүүлөрүнө карабай ракетадан коргонуу аракеттери улантылат:
- Биз ракетадан коргонуу системабыз боюнча орустар менен ачык жана транспаренттүү болдук. Биз бул Орусияга коркунуч туудурбасын көп каналдар аркылуу түшүндүрдүк. Бул биздин Орусия менен стратегиялык тең салмагыбызга таасир бербейт жана бул аскерий контрчаралар үчүн жүйөө эмес.
Москва НАТОдон ракетадан коргонуу системасы Орусияга каршы багытталбаганын кепилдөөнү талап кылууда. НАТОнун ырастоосунда, бул система Иран сыяктуу өлкөлөрдүн ыктымал чабуулунан сактанууну гана максат кылат.
Башкатчы Андерс Фог Расмуссен белгилегендей, ал Орусия менен саясий мунаса НАТОнун келерки жылдын майында Чикагодо өтүүчү саммитине тушташ жетишилип калабы деген үмүттө.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Орусия “ишке ашырылган ар бир баскычка адекваттуу” жооп берүүгө даярдыгын билдирип, НАТО ракетадан коргонуу боюнча “олуттуу кызматташтыкка даяр эместигин” белгиледи.