Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Обама Ирандын болочоктогу коркунучу эмнеде экенин айтты


Кошмо Штаттар Ирандын ядролук куралдуу болуусуна жол бербөө үчүн бардык өнөктөштөрү, ошондой эле Израил менен иштешет. Бул жөнүндө президент Барак Обама бейшемби күнү Вашингтондо билдирди. Ал Иран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектелип жатканын, Тегерандын бул аракети АКШ жана өнөктөштөрдүн, анын ичинде Израилдин коопсуздугуна каршы келерин белгиледи:

- Эгер алар (Иран) ядролук куралдуу болууну көздөсө, мен ачык айтам: Бул Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча кызыкчылыгына каршы келет, бул биздин союздаштардын, анын ичинде Израилдин улуттук коопсуздук кызыкчылыгына каршы келет. Биз буга жол бербөө үчүн дүйнө коомчулугу менен иштешмекчибиз.

Барак Обама оппозициядагы "Республика" партиясынын саясатчыларынын Ак үй Ирандын өзөктүк программасын токтотуу үчүн жетишсиз иштөөдөгө деген айыптоосун четке какты жана анын кеңсеси Иранга мурда болбогондой катуу санкция колдонгонун айтты.

Өткөн айда БУУ жарыялаган изилдөөдө Иран ядролук куралдуу болгонго жетиштүү изилдөөлөрдү жүргүздү деген тыянак жасалат. Иран атомдук бомба болууга умтулбай турганын, ядролук программасы тынчтык максатын көздөгөнүн кайталап келет.

XS
SM
MD
LG