Премьер-министр Владимир Путин Кошмо Штаттарды Мамлекеттик Думага болгон шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган орусиялык жарандарды көкүтүүдө деп сындады. Ал АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтонду Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюмунун Адам укугу боюнча бюросунун (ODIHR) материалдарын албай жатып, Орусияда 4-декабрда болгон шайлоону сындады деп күнөөлөдү:
- Мен америкалык өнөктөштөрүбүздүн биринчи реакциясын көрдүм. Мамкатчынын биринчи жасаган иши бул болду: Ал Адам укугу боюнча бюронун материалын албай жатып, шайлоону чын жана адилеттүү эмес деп мүнөздөдү. Ал биздин өлкөдөгү кээ бир ишкерлерге үн салды. Алар бул үндү угуп, Мамдуманын колдоосу менен активдүү иштей баштады.
Клинтон айым Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө Орусиядагы шайлоонун кандай өткөрүлгөнүнө тынчсызданганын айткан.
Байкоочулар да шайлоодо бардык партиялар үчүн тегиз шарт түзүлбөгөнүн, бийликтеги “Бирдиктүү Орусияга” артыкчылык берилгенин сындашкан.
Москва менен Санкт-Петербургда добуштарыбыз уурдалды деген жүздөгөн адамдар күнүгө демонстрацияга чыгышууда жана ишемби күнү чоң акция өткөргөнү жатышат.