Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Укук коргоочулар абактагы кесиптештерин колдоп чыгышат


Бүгүн жергиликтүү укук коргоочулар түрмөдө жатышкан кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаров, казакстандык укук коргоочу Евгений Жовтис жана белорус укук коргоочусу Алес Беляцкийди колдогон акция жана маалымат жыйынын өткөрүшөт. «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо уюмунун билдиришинче, 10-декабрь - адам укуктарынын коргоо күнүнө карата уюштурулган бул акция абийир туткуну делген укук коргоочуларга тилектештик көрсөтүүнүн жолу болуп саналат. Иш-чараны «Кылым шамы», «Адилет» жана «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо уюмдары өткөрүүдө. Абактагы үч укук коргоочуга буга чейин “Бир дүйнө-Кыргызстан 2011” деп аталган адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын фестивалынын атайын диплому ыйгарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG