Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Жаңы коалиция жыл аягына чейин түзүүлүүгө тийиш


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы кеминде 29-декабрга чейин жаңы коалицияны түзүп чыгышы керек. Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, коалиция түзүү укугун алган фракция 15 жумушчу күндөн кеч калбай парламенттик көпчүлүктү курап, өкмөт башчы ким болоорун аныктоого тийиш. Белгиленген мөөнөт ичинде коалиция түзүлбөсө, президент бул милдетти башка фракцияга тапшырат.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясына башкаруучу коалицияны түзүү мандатын тапшырган. Ушул эле күнү фракция лидери Чыныбай Турсунбеков «Республика» жана «Ар-намыс» фракцияларынын лидерлери менен жолугушкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG