Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Кыргызстанда Шахмат ордосун ачуу сунушталууда


Кыргызстанда Шахмат ордосун ачуу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу 8-декабрда Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) президенти Кирсан Илюмжинов менен жолугушууда айтты. Илюмжинов Бишкекке эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн келген. Депутат Исаевдин айтымында, Шахмат ордосунун ичинде шахмат мектеби, бир нече оюн зал жана кофе, чай үстүндө шахмат ойноо үчүн атайын кафетерий болот. Жолугушууга катышкан депутат Дастан Бекешев шахматты жайылтуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканын, ал жакында депутаттардын назарына сунушталаарын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG