Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Коргоо министрлиги 15 аскердин качканын тастыктады


8-декабрда таң эрте Бишкек гарнизонунун 41069 аскердик бөлүгүнөн 15 аскер качып кетишти. Мындай маалыматты бүгүн Коргоо министрлиги таратты. Анда Аскер прокуратурасы окуянын чоо-жайын иликтеп жатканын, бирок аскерлердин арасындагы чатакташуу же улуулары кичүүлөрүн кордогону тууралуу версия каралбаганы айтылат.

Бүгүн ошол 15 баланын бири Тынычбек уулу Айбектин апасы Анара Абдрахманова "Азаттыкка" келип, баласы "командирлеримдин көрсөткөн кордугуна мындан ары чыдай албайм, муунуп өлгөнгө даярмын" деп айтканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG