Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Абдрахманова: Кордолгон уулумдун укугун тебелетпейм


"Аскердик кызматын таштап, качып кетүүгө мажбур болгон уулумдун укугун эч кимге тебелетпейм. Ал үчүн мен күрөшөм. Полковник Каныбек Асанбаевге кирсем, "уулуңуз үч күндө кайтып келбесе, ага кылмыш ишин ачабыз" деди, бирок уулум кордук көргөнүнөн ушундай кадамга барган экен", - деп билдирди бүгүн "Азаттыкка" Тынычбек уулу Айбектин апасы Анара Абдрахманова.

Анын айтымында, уулу буга чейин да бир нече жолу госпиталга жаткан. Себебин ачык айтчу эмес. "Бирок тамандары көк-ала болуп жүргөнүн эжеси көргөн экен", - дейт Абдрахманова.

Анын билдиришинче, аскерге чейин баласынын ашказаны, деги эле эч жери ооручу эмес, бирок бир жарым айдан кийин гастрит болуп ооруканага жатып калган. "Сентябрда бутун айнекке тилдирип алды деп кайра ооруканага жаткырышкан. Ириңдеп кетиптир. Чын эле кокустап тилдирип алганбы, же атайын жасашканбы билбейм. Бирок ошондон кийин мындай факт болгонуна байланыштуу командирлеринин айлыгын кесип коюшуптур. Ошого ачуусу келген командирлери мас болуп алып уулума кордук көрсөтүп, сабап, себеби жок жазалай беришкенинен ызасына чыдабай балам телефондон ыйлаган. Бирок бир аз чыдайын, биртикеден кийин кызматым бүтөт деген эле", - дейт Айбектин апасы.

Аскердик кызматка киришкенине 8 ай болгон 15 бала 8-декабрда аскерден качып кеткенин бүгүн Коргоо министрлиги да тастыктады. Аскердик прокуратура окуяны териштирип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG