Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Жергиликтүү сотторду тандоо азырынча жүргүзүлбөйт


Кыргызстандагы жергиликтүү соттордун судьяларын тандоо үчүн сынак азырынча жүргүзүлбөйт. Сынак тиешелүү мыйзам базасы такталып, даяр болгондон кийин гана жарыяланат Мындай чечим Сотторду тандоо кеңешинин отурумунда кабыл алынганын бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Соңку жарым жыл ичинде Сотторду тандоо кеңешине судьялардын үстүнөн 893 арыз-даттануу келип түшкөн. Экс-президент Роза Отунбаева быйыл жылдын аягына чейин өлкөдөгү ар бир судья Сотторду тандоо кеңешинин элегинен өтүп, таза жана кесипкөй сот системасы түзүлөөрүн билдирген. Бирок кызматын тапшырып жатып журналисттерге маегинде сот реформасын аягына чыгыра албай калганын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG