Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Ошто “Сабаттуу жаза аласыңбы, студент?” акциясы өтүп жатат


Кыргыз тилинде туура жазууну калыптандыруу жана жазуу эрежелерин жайылтуу максатында ОшМУдагы он күндүк акция уланууда.

Окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору Гулина Жамгырчиеванын айтымында, акция орфография көп жолу өзгөргөндүктөн ката жазган студенттер көп болуп жатканына байланыштуу уюштурулган.

“Аталган иш-чаранын алкагында студенттер жат жазуу жазып, анда кетирилген каталардын үстүнөн иштешет. Кыргыз тили окутуучулары жаштарды орфографиянын эрежелери менен тааныштырып, суроолорго жооп берет”,- дейт Жамгырчиева.

Декабрдын башында башталган акция эртен соңуна чыгат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG