Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Кызматынан качкан аскерлер Аскер прокуратурасына келишти


Кызматынан качкан аскерлер Аскер прокуратурасына келишти. Аларды суракка алып, денесинде ур-токмоктун изи барбы, жокпу, аныктоого укук коргоочулар да катышып жатканын кабарчыбыз маалымдайт.

8-декабрда Бишкек гарнизонунун 41069-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн 31 аскердин 15и качып кеткен. Алардын биринин апасы Анара Абдрахманова уулу мындай кадамга командирлеринен кордук көргөнүнөн чыдабай барганын "Азаттыкка" айткан. Коргоо министрлиги болсо алардын өздөрүн жаш аскерлерди сабаган деп күнөөлөдү.

Качкан аскерлер өздөрү кызмат өтөгөн бөлүккө кайтуудан баш тартып, ишти Аскер прокуратурасы териштире турган болгондон кийин гана жашынган жеринен чыгып, Бишкекке келишти. Алар курал алып кетишкен эмес. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG