Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:42

Орус бийлиги оппозициянын демонстрациясына уруксат берди


Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев бирок уруксатсыз чогулгандарга каршы чара көрүлөрүн эскертти:

Оппозиция пландап жаткан демонстрациялардын дээрлик бардыгына тийиштүү эрежелердин негизинде уруксат берилди. Бирок өзүңөр билгендей, жарандардын өз пикирин билдирүүгө болгон конституциялык укугу башка жарандардын укуктарына кайчы келбеши керек. Ошондуктан уруксатсыз жыйын өткөрүүлөр жана мыйзам менен тартипти бузуулар тартип коргоочулар тарабынан мыйзамга жараша токтотулушу керек.

Москва бийликтери 30 миңдей киши катышат деп күтүлгөн ишемби күнгө пландалган демонстрацияга да уруксат берди. Башка шаарларда да ушул өңдөңгөн чыгуулар күтүлүүдө. Оппозиция шайлоо акыйкат болбой, эрежелер бузулгандыгын айтууда. 4-декабрдан берки нааразылардын демонстрациялардында жүздөгөн киши камакка алынды.

XS
SM
MD
LG