Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Европа Биримдиги еврону бекемдөөчү чараларды жактырды


Европа Биримдигинин Брюсселдеги түнү менен өткөн чоң жыйынында евро валютаны колдонгон 17 өлкөнүн жана дагы 6 мүчө мамлекеттин жетекчилери финансылык интеграцияны бекемдөөнү жана бюджет эрежелерин күчөтүүнү караган келишимди жактырышты.

Евро-аймактагы эң кубаттуу өлкөлөр болгон Германия менен Франция Европа Биримдигинин түп негиз келишимин өзгөртүүнү сунуш этишкен, бирок еврону колдонбогон Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерон буга каршы чыкты:

Эгер жаңы европалык келишимде Британия үчүн жетиштүү кепилдиктер болбосо, мен ага макул болбой турганымды Брюсселге келе электе эле айткам. Буга чейинки сунуштар Британиянын кызыкчылыгына туура келбейт, ошондуктан мен аларга каршы чыктым.

Британиядан тышкары Венгрия, Чехия жана Швеция да жаңы келишимге кол коюудан мурда өз парламенттери менен кеңешүүгө тийиш экендиктерин айтышты. Брюсел жыйыны евро-валютаны сактап калуу жаатындагы чечүүчү кадам болуп калат деп күтүлгөн.

XS
SM
MD
LG