Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Москва: демонстрация маалында окуучулар мектепте калууга тийиш


Кабарларга караганда, 9-11-класстын бардык окуучуларына жана мугалимдерге ишемби күнү эртең менентен кечки чейин мектепте болууга көрсөтмө берилди.

Ишемби күнү москвалык орто мектептерде адатта түшкө чейин гана окушат.

Эки баласы мектепте окуган Александра Ланская «Эхо Москвы» үналгысына буларды билдирди:

Бардыгы түшүнүктүү болуп калды. Бул Болотная аянтында балдар ата-энелерине кошулуп, алардын чакырыктарына кошулбасы үчүн жасалууда. Мугалимдер бул ураандарды колдоп кетиши мүмкүн. Ошондуктан аларга да бул күнү иштеп, окуучулар менен болушу керек экен.

Бүгүн Орусиянын бийликтери оппозициялык демонстрацияларга уруксат берди. Бирок ички иштер министри Рашид Нургалиев уруксатсыз чогулгандарга каршы чара көрүлөрүн эскертти.

Москва бийликтери 30 миңдей киши катышат деп күтүлгөн ишемби күнгө пландалган демонстрацияга да уруксат берди. Башка шаарларда да ушул өңдөнгөн чыгуулар күтүлүүдө.

Оппозиция өткөн жекшембидеги шайлоо акыйкат болбой, эрежелер бузулганын айтууда. 4-декабрдан берки нааразылардын демонстрацияларында жүздөгөн киши камакка алынды.

XS
SM
MD
LG