Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

БУУ ВИЧ жуктурду деп шектелген дарыгелерди коргоодо


Бириккен Улуттар уюму кыргыз өкмөтүнө кайрылып, шалаакылыктан балдарга ВИЧ жуктурду деп шектелип жаткан дарыгерлерге байланыштуу кайрадан иликтөө жүргүзүү чечимин карап чыгууга чакырды. Уюм тараткан билдирүүдө 2007-2011-жылдар аралыгында өлкөнүн түштүгүндө 191 балага ооруканаларда ВИЧ жукканы трагедия экени, мындай окуялар эми кайталанбашы үчүн болгон чаралар көрүлүшү керектиги айтылат. Бирок медициналык кызматкерлерге жасалган кысым мындай чараларды толук аткарууга тоскоолдук болоору белгиленген. "Жоопкерчиликти кайсы бир дарыгерлерге жүктөп коюу проблеманы чечпейт, ВИЧ балдарга саламаттыкты сактоо тармагындагы калпыстыктардын айынан жуккан болушу мүмкүн", деп айтылат билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG