Бүгүн Ош шаарында дарыгерлердин айынан балдары ВИЧке кабылган энелер менен саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков жолугуп, мындан аркы берилчү жардам, иш-аракеттерди талкуулашмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” ата-энелердин өкүлдөрү билдиришти. Ушул тапта СПИД” республикалык борборунун Оштогу бөлүмүндө Жогорку Кеңештен берилген 1,5 миллион сом таркатылып жатат.
Ноябрь айында балдары ооруканаларда дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧке кабылган энелер Ошто жана Бишкекте бир катар нааразылык акцияларды өткөрүшкөн. Алар өкмөттөн дарыгерлерди жазалоону, ар бир балага 1 миллион сом кун төлөп, бирден батир берүүнү талап кылышкан болчу. (EBM)