Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылдын дал ушул күнү Парижде Башкы Ассамблеянын жыйынында кабыл алынган.
Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллай бүгүнкү билдирүүсүндө быйылкы жыл бул жаатта "өзгөчө болгонун, көптөгөн арап өлкөлөрүндө эл диктатурага каршы күрөшкө чыгышында интернеттеги социалдык түйүндөрдүн ролу чоң болгонун” белгиледи. Анын айтымында, диктатуралык өкмөттөр мындан ары маалымат таркатууга болгон монополиясын уланта алышпайт.