Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Окуучуларды сабырдуулукка тарбиялоо ыкмалары иштелип чыкты


Ош, Жалал-Абадда жаштардын жана балдардын ортосунда ынтымак орнотуу долбоорунун алкагында мугалимдер үчүн сабырдуулукка тарбиялоо ыкмалары камтылган колдонмо китеп чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун өкүлү Роза Нусупова билдирди. Анын айтымында, долбоордун алкагында Ош менен Жалал-Абадда элүү мектептин жана орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдери атайын окутуудан өттү. Долбоорду Миграция боюнча эл аралык уюм менен жапон өкмөтү каржылады.

Былтыр июнь айында Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында этностор аралык кагылыш орун алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG