Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун бууган жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусуна караштуу Алай районунун акиминин орун басары Мамашарип Мусаев билдирди. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун тарапкерлери аталган райондогу Сопу-Коргон айылынын тушунда Ош - Эркеч-Там жолун бууп турушканын “Азаттыкка” кабарлашкан эле. Бүгүн Ош шаарындагы облустук акимчиликтин алдына Келдибековдун 400дөй тарапкери чогулуп, төраганы кызматында калтырууну талап кылышты. Уюштуруучулардын маалымдашынча, акция эртең саат 10до кайта уланмакчы.(EBM)

XS
SM
MD
LG