Бүгүн Кочкор районунда жергиликтүү дыйкандарга чет өлкөлөрдөн айыл чарба техникаларын арзан алуунун жолдору, түшүмдүүлүктү көбөйтүү маселелерине арналган бир күндүк окуу өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Карыбек Түлеев маалымдады. Анын билдиришинче, иш-чараны Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшчүлөр ассоциациясы уюштурду. Семинарга 60тан ашуун дыйкан катышты. (EBM)