Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы башталат


Бүгүн Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында “Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” аттуу эл аралык фестивал башталат. Долбоордун координатору Улукбек Муратбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул фестивалга КМШ жана Балтика өлкөлөрүнөн, Грузиядан келген режиссерлордун тасмалары көрсөтүлөт. Фестивал эл аралык жана улуттук деген эки бөлүктөн туруп, жалпысынан 25ке чукул фильм калыстардын сыноосунан өтөт. “Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” аттуу сынак буга чейин өлкө ичинде гана өткөрүлчү. Бул жылы биринчи жолу эл аралык деңгээлге чыгып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG