Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:30

Эки фракция коалицияга кирүүгө даярдыгын билдирди


Жаңы түзүлө турган коалицияга кирүүгө “Република” жана “Ар-намыс” фракциялары даярдыгын билдирүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” коалиция түзүү милдетин алган КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков кабарлады. Анын айтымында, “Ата Мекен” менен “Ата-Журт” фракцияларынын так шарттары азырынча белгисиз. Өз кезегинде “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев азырынча аларга расмий сунуш түшө электигин “Азаттыкка” ачыктады. Ал эми “Ата-Журт” болсо оппозицияда калууга даярдыгын, бирок сүйлөшүүлөрдөн четтей электигин ачыктоодо. КСДП фракциясына өткөн бейшемби күнү коалиция түзүү милдети тапшырылган. Баш мыйзамга ылайык, жаңы коалиция түзүү милдети тапшырылгандан 15 жумушчу күндөн кеч калбай түзүүлүүгө тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG