Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Италияда бүгүн иш таштоо болгону жатат


Бүгүнкүгө мерчемделген иш таштоодон кайра тартпай турганын профсоюздар билдирүүдө. Алар премьер-министр Марио Монтинин пенсиялык реформасына нааразы болуп жатышат. Пенсиялык реформа азыркы өкмөт тарабынан Италияны каржылык кыйроодон сактап калуу үчүн сунуш кылынган.

Иш таштоону алдын алуу аракетинде премьер-министр Монти кечээ профсоюздардын лидерлери менен жолукту. Ал сунуш кылган үнөмдөө чаралары пенсиялык системаны толугу менен кайра кароону, салыктын кээ бир түрлөрүн көбөйтүүнү, мүлк салыгын калыбына келтирүүнү камтыйт.

XS
SM
MD
LG