Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Парламентте төрагалык кылуучу боюнча талаш чыкты


Парламенттин бүгүнкү жыйынына ким төрагалык кылаары белгисиз. Ушул маселе азыр депутаттар арасында талаш туудуруп жатканын кабарчыбыз маалымдайт. Бүгүн парламентарийлер төрага Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине алып чыгышкан. Регламент боюнча, спикердин маселеси талкууланып жатканда ал өзү төрагалык кыла албайт. Жыйынды төрт вице-спикердин эң улуусу алып барышы керек болчу. Бирок эң улуусу Асия Сасыкбаева Келдибековду кетирүү маселесин көтөрүп чыккан "Ата Мекен" фракциясынан болгондуктан, "кызыкчылыктардын карама-каршылыгы" пайда болоору айтылып, төрагалык кылуу "Ар Намыс" фракциясынын өкүлү Бөдөш Мамыровага берилген. Буга каршы пикирлер айтылууда. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG