"Ата Мекен" фракциясынын Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков боюнча көтөргөн маселелери негиздүү. Мындай тыянакка атайын түзүлгөн депутаттык комиссия келгенин парламенттен кабарчыбыз маалымдайт. Ошондой эле комиссия төраганы кызматынан кайра алуу сунушун берди. Анын корутунду билдирүүсүндө "Келдибековдун Кыргызстандын мыйзам чыгарган органын башкарууга өзүнүн кызматына жоопкерчиликсиз мамилеси менен саясый да, моралдык, этикалык укугу жок" деп айтылат. Бирок "Ата Журт" фракциясынын депутаты Курмантай Абдиевдин буга карата өзгөчө пикири бар экени айтылды. "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен бүгүн парламентте Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселеси талууланып жатат. Аталган фракциянын Келдибековду күнөөлөгөн мисалдарын текшерүү үчүн ар бир фракциядан бирден депутат кирген атайын комиссия түзүлгөн болчу. (EBM/RK)