Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Ошто “Сен жана мен жөнүндөгү стереотиптер” көргөзмөсү ачылат

Ошто “Сен жана мен жөнүндөгү стереотиптер” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Аны уюштурган Полис Азия борборунун кызматкерлери “Азаттыкка” маалымдашкандай, коомдогу бөлүнүп-жарылууларды токтотууга чакырган фотосүрөттөр коюлат. Аларды борбордун кызматкерлери Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан тартышкан.

“Сүрөттөрдө бүгүнкү жөнөкөй турмуш чагылдырылган. Алар негизинен айыл жерлеринен алынган”,- дейт борбордун кызматкери Элмира Ногойбаева.

Көргөзмө эртен “Сулайман-Тоо” музейинде ачылып, он күнгө уланат. Иш-чарага ЮНЕСКО жана ПРООН каржылык көмөк көрсөткөн. (SE/RK)
XS
SM
MD
LG