Жогорку Кеңеште кайрадан 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды. Кабарчыбыздын маалымдашынча, төрага Ахматбек Келдибеков фракция лидерлери менен сүйлөшкөнү кетти.
Парламенттин бүгүнкү күн тартибине Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселеси коюлган. Анын демилгечиси - "Ата Мекен" фракциясы. Бирок жыйынды алып баруучу вице-спикер аныкталбай, талкуу баштала элек. 15 мүнөттүк тыныгуулар буга чейин бир нече жолу жарыяланган. (EBM/RK)