Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Атамбаев: Кыйноолорго каршы чечкиндүү күрөш жүргүзөбүз


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендести кабыл алды.

Хуан Мендес Кыргызстандагы кыйноолор жаатындагы абал менен жакындан таанышып, иш сапарынын жыйынтыгы боюнча абалды оңдоого арналган сунуштарды иштеп чыгып, Кыргызстан менен узак мөөнөттө кызматташуу демилгеси менен келген.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев мамлекет жакынкы келечекте кыйноолордун болушуна бөгөт коюу милдетине зор маани бериле тургандыгын белгиледи. «Биз өлкөнүн түзөтүү мекемелериндеги абалды жакшырткыбыз келет. Биз кыйноолорго каршы чечкиндүү күрөш жүргүзмөкчүбүз”, - деди Атамбаев.

Хуан Мендес Алмазбек Атамбаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, бир катар министрликтер менен ведомстволор кыйноолорду жоюу максатында жасап жаткан демилгелерин колдой тургандыгын билдирди. Түрмөлөр жана тергөө абактарын эч кандай жолтоосуз кирип көргөнгө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр үчүн ыраазычылык билдирди.

Укук коргоочулардын билдиришинче, Кыргызстандагы тергөө абактарда жана убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор көп катталат. (RK)

XS
SM
MD
LG