Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде акыл таймашы өтүүдө


Жалал-Абад мамлекеттик университетинде акыл таймашы өтүүдө. Кабарчыбыздын маалымдашынча, студенттер арасындагы «Эврика» сынагына университеттин он эки факультетинин курама командалары катышууда. Акыл таймашы дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана анын эмгектерин даңазалоо үчүн жаштарды адабий чыгармаларды окууга кызыктыруу, көркөм дүйнөнү аңдоо, адамдарды инсандык касиеттерди баалоого, жаратылышка аяр мамиле жасоого чакыруу менен келечекке оптимисттик маанай менен көз чаптырган муунду калыптандыруу максатын көздөөдө. Мыкты деп табылган топко белектер берилип, ал ЖАМУнун «Интеллект» курама командасына кабыл алынат. Айтматовдун туулган күнүнө байланыштуу иш-чара ушул сааттарда Жалал-Абад шаарындагы № 5- орто мектепте да өтүп жатат. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG