Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл өкмөтүнө караштуу Батырбеков атындагы көчөсүнүн тургундары сууну коңшуларынан ташып ичээрине даттанышты. Мындай абал Союз кулагандан бери уланууда. Баарынын эле үй алдына суу чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү жок. Алардын айтымында, автоунаалуу жарандар сууну эки чакырым жерден, унаасы жок адамдар 200 - 500 метр жөо жүрүп, чакалары менен ташып алышат. Көчөнүн ылай-баткак баскан жүз метрдей жери менен жөө жүрүү мүмкүн эмес. Шаар мэринин 1-орун басары Урматбек Маматов шаардык казынадан Тайгараев айыл өкмөтүнүн ички жолдорун оңдоого 500 миң сом каралганын, ал эми таза суу тууралу жергиликтүү калктан суроо түшө электигин билдирди. (YA/RK)