Кинорежиссер Актан Арым Кубаттын «Свет аке» тасмасынын эл аралык кинофестивалдардагы ийгиликтери дагы эки сыйлык менен толукталды. Эл аралык алтынчы «В кругу семьи» ("Үй-бүлө кучагында") кинофестивалында «Свет аке» режиссерлук иш үчүн «статуэтка Святых Благоверных Петра и Февронии Муромских» сыйлыгын жеңип алды. Фестивал Екатеринбург шаарында 3-7-декабрда өткөн. 1-4 декабрда Францияда өткөн «Отран тоо фестивалы» аттуу 28-кинофестивалда фильм башкы сыйлык — «Grand Prize Jose Giovanni» гран-приге татыктуу болду. Бул кинофестивалда жаратылыш, тоолор, тоо спорт түрлөрү тууралу фильмдер көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн "Республика" саясый партиясынан кабарлашты.(RK)