Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

Оштогу митинг эртеңкиге чейин таркады


Ошто бүгүн өткөн Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун тарапкерлеринин митинги эртеңкиге чейин токтотулду. Эртең нааразылык акциясы кайрадан уланат. Ал эми Гүлчөгө өтүүчү жолду тоскондордун пикети дагы эле өтүүдө. "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси боюнча күн тартибине коюлган төрагага ишеним көрсөтпөө маселесин талкуулоо парламентте дагы эле уланууда. Бул үчүн кезексиз жыйынды жумушчу күндүн аякташына карабай уланта берүчечими кабыл алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG