Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Парламент спикерди ишенимден ажыратууну карап жатат


Кылмыштуу уюшкан топтор менен алакасы үчүн айыпталган спикер Ахматбек Келдибековдун ишин депураттык комиссия карап чыгып, ал дайынаган кеңешчилер менен жардамчылардын криминалдык топтор менен алакасы болгон деген жыйынтык чыгарды. Келдибековго ишеним көрсөтпөө демилгесин оппозициядагы Ата-Мекен партиясы көтөргөн. Парламенттик комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиевдин Азаттыкка билдиришинче, Келдибековдун ири кылмышкер Камчы Көлбаев менен Дубайда, Истамбулда, Орусиянын Астрахан шаарларында жолукканы ырасталды. Анын аралыгында, Ош обласынын губернатору Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында миң чакты демонстрант менен жолугуп, алардын Келдибековго асылууну токтотуу талабын борбордук бийликке жеткирүүгө сөз берди. Келдибековдун айрым жактоочуларды Ош-Гүлчө жолун тосуп жаткандыгы кабарланууда./JCH

XS
SM
MD
LG