Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

ЕБ: Медведевдин шайлоо боюнча чечимин колдойбуз


Биримдиктин тышкы иштер комиссарынын маалымат катчысы Мая Кочианжич Брюсселдеги сөзүндө соңку демонстрациялар тынч мүнөздө өткөндүгүн белгилеп, президент Медведевдин шайлоодогу эреже бузуулар тууралуу кабарларды тыкыр иликтөө ниетин колдой тургандыгын бышыктады.

Фейсбуктагы өз баракчасында Дмитрий Медведев 4-декабрдагы шайлоонун өксүктөрүн текшерип чыгууга буйруганын жазган.Ошол эле мезгилде ал шайлоону кайра өткөрүү сунушун четке какты.

Бийликтеги Бирдиктүү Россия партиясы парламенттик шайлоодо эң көп добуш алды деп жарыяланган. 10-декабрда он миңдеген киши Москвада жана башка шаарларда демонстрацияга чыгып, парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылышты. Оппозиция өкүлдөрүнүн бири Борис Немцов Медведевдин Фейсбуктагы билдирүүсүн «шылдыңдоо» деп четке какты.

XS
SM
MD
LG