Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Бишкек мэриясы жарыктын өчүшү боюнча түшүндүрмө берет


Бүгүн Бишкек шаар мэринин орун басары Төрөбек Имашов шаар ичиндеги жана конуштардагы электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы боюнча маалымат берет. Бул тууралуу Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Буга чейин Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов Кыргызстанда быйыл электр энергиясы былтыркы жылга салыштырмалуу көбүрөөк керектелип жатканын, өзгөчө жаңы конуштардын басымдуу бөлүгү үйлөрүн электр энергиясы менен жылытып жатканын билдирген. Электр энергиясынын көп керектилиши бөлүштүрүүчү зымдардын иштен чыгышына жана авариялык өчүрүүлөргө себеп болгону кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG