Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

БУУнун баяндамачысы байкоолору менен бөлүшөт


Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес 5-13-декабрь аралыгында Кыргызстанда жүргүзгөн иликтөө жана байкоолорунун алгачкы жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын берет. Мендес буга чейин өлкөдөгү жабык жайлардын абалы менен таанышып, кыйноого кабылган адамдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген. Ал кечээ президент Алмазбек Атамбаев менен да жолукту. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Атамбаев Кыргызстанда абактардагы абалды жакшыртып, кыйноолорго каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлө турганын белгиледи.

Хуан Мендес Кыргызстандагы кыйноолорго байланышкан абал менен жакындан таанышып, абалды оңдоого арналган сунуштарын иштеп чыгуу максатында келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG