Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Лицензиялар аукцион аркылуу гана бериле баштайт


2012-жылдан баштап Кыргызстанда кен иштетүү үчүн уруксат кагаздары атайын сынак жана аукциондун жыйынтыгы менен гана берилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, жаңы жылга карата баардык мыйзамдык негиздер иштелип чыгып, кабыл алынды. Жаңы өзгөрүүлөр боюнча, 2012-жылдан тарта кен иштеткен ишканалардан түшкөн роялтинин (салыктын бир түрү) кеминде жарымы жергиликтүү бюджетке бөлүнгөнү турат. Ошондой эле жаңы жылдан баштап Кыргызстандагы Иштамберди, Бозымчак, Жерүй жана Талды-Булак Сол-Жээк кендеринде алтын чыгарылаары кабарланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG