Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:39

Келдибеков негизсиз каралоого кабылдым деп эсептейт


Ахматбек Келдибеков парламенттин кечээки отурумунун соңунда сөз сүйлөп, негизсиз каралоого кабылганын, Кыргызстандагы бир топ маалымат каражаттарында өзү тууралуу бир жактуу материалдар кеткенин белгиледи. Мындан тышкары Келдибеков спикерлик орун үчүн ушундай жол менен күрөш жүргөнүнө өкүнөөрүн билдирди.

Парламенттин кечээки жыйынынын акырында Келдибеков өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти. Депутаттар эртеден бери созулган кайым айтышуулардын соңунда 103 добуш менен токтом кабыл алышты. Ал токтомго ылайык, Келдибеков өз ыктыяры менен арыз жазгандыктан жана ага коюлган дооматтардын айрымдары негиз таппагандыктан убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу кароосуз калтырылды.

30-ноябрда “Ата Мекен” фракциясы "Келдибеков кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланышкан", "мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган", "KG номурларды туш келди тараткан" деген өндүү 15 пункттан турган айып коюп, ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Бул сунуш өткөн аптада парламенттин күн тартибине киргизилип, дооматтарды териштирүүчү атайын комиссия түзүлгөн. Кечээ болсо бул комиссиянын корутундусу парламенттин жалпы жыйынында талкууга алынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG