Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

АКШ орус президентинин шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтөө убадасын кубаттады


Бирок Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун айтымында, бул убаданын аткарылышы иликтөө кандай өткөрүлөрүнөн жана анын жыйынтыктары кандай ишке ашырыларынан көрүнөт.

АКШ Мамлекеттик катчысы Вашингтон Орусияда шайлоо жыйынтыгына кыжырдангандардын нааразылык акциясы тынч өткөнүнө кубанарын кошумчалады.

Орус президенти Дмитрий Медведевдин шайлоодогу мыйзам бузуулар иликтенери жөнүндөгү убадасын кечээ Евробиримдик да кубаттаган. Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун басма сөз катчысынын айтымында, бул маселе апта соңунда Орусия –Евробиримдик саммитинде көтөрүлөт.

Шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтөөгө көрсөтмө бергенинин президент Медведев кечээ Facebook сайтындагы барагы аркылуу билдирген. Бирок демонстранттар талап кылгандай, шайлоону кайра өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган.

4-декабрдагы парламенттик шайлоодо бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы добуштардын дээрлик жарымын алган. Өткөн ишемби күнү борбор Москвада эле кайра шайлоону талап кылып, оң миңдеген адам демонстрацияга чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG