Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Балыкчыдагы ветлаборатория талашы уланууда


Ысык-Көлдөгү Балыкчы шаарынын "Кербен" базарындагы ветеринардык лабораториянын жетекчилик орду талашка түштү. Аны былтыр 7-апрелге чейин башкарып келген Капар Мусакуновдун кайра келишине нааразы болгон 300дөй адам бүгүн да жыйын өткөрүп жатканын акциянын катышуучусу Бекентур Тентиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, "7-апрелден кийин үч күн бою кызматына келбей койгон Мусакуновдун ордуна башкалар иштеп жатышат. Бирок азыр Мусакунов кайра келип, бул орунду талашып жатат. Мурда ал кардарларга жана базарда эт саткандарга карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган". Нааразы тарап кечээ да координациялык кеңеш түзүп, талкуу жүргүзгөн. Маселени жеринен териштирип, алар менен жолугуу үчүн Ветеринардык департаменттин өкүлдөрү Балыкчыга барышты. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG