Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Мендес: Кыйноо - Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш


Абактагыларды кыйноо Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш экенин бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес билдирди. Анын айтымында, көбүнчө кыйноолор милиция тарабынан жасалат. Мындай мамиле кылмышка шектүүлөр кармалган биринчи сааттарда болот.

"Кыргызстан бул маселени чече алат деп ойлойм. Себеби күч кызматкерлери да кыйноолор болуп жатканын моюунуна алышууда. 2003-жылы Кылмыш кодексине кыйноо жасагандарды жазалоо чаралары киргизилген экен. Бирок жоопко тартылгандар болбоптур", - деди Мендес.

Анын айтымында, денесине залака келтирген кыйноолордон тышкары айрым жабык жайларда адамдарды кармоо шарты өтө начардыгы да кыйноонун бир түрү деп эсептелет.

Хуан Мендес бир апта ичинде тергөө абактарын, убактылуу кармоочу жайларды жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө изоляторун, жалпысынан 15 жабык жайды кыдырып чыкты.

Мендести билдиришинче, кыргыз өкмөтү тарабынан анын иш сапарына тоскоолдуктар болгон жок. Болгону, 2 убактылуу кармоочу жайга кирүүсү көпкө кармалгандыктан, айрым жолугушуулары болбой калды.

БУУнун баяндамачысын Кыргызстанга мамлекет жетекчилиги чакырган. Эми ал кыйноолорду болтурбоо боюнча өз сунуштарын жазып, кыргыз өкмөтүнө берет. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG