Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:51

"Ата Журттун" депутатынын жардамчысы жол кырсыгына күнөөлүү деп шектелүүдө


Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынан депутат Надира Нарматованын коомдук жардамчысы Бишкекте жол кырсыгынын күнөөкөрү деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 11-декабрдын түнүндө Набережная жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. "Тойота" унаасынын айдоочусу жол эрежесин бузгандыктан бет маңдай келаткан "Ауди" унаасын сүзгөн. "Аудинин" айдоочусу, Чек ара кызматында иштеген кишинин мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. "Тойотанын" айдоочусу мас абалында экени далилденген. Ал "депутат Нарматованын жардамчысымын" деп, тиешелүү күбөлүгүн көрсөткөн.

Надира Нарматованын кабылдамасынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кылмышка шектүү делген Эрик Намазбеков чынында эле мурда Нарматованын айдоочусу болуп иштеген. Бирок азыр аталган депутат менен эч байланышы жок. Себеби башка депутат менен иштешип кеткенине 3-4 ай болду. (RK)

XS
SM
MD
LG